AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
 Mar 2, 2023  217

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин дене тарбия жана спорт кафедрасында 2023-жылдын 28-февраль күнү ДТ-1-22 тайпасына ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ата-энелер чогулушуна аталган кафедранын башчысы ЖАМУнун доценти И.Т. Алиев жана кафедранын жалпы жамааты катышышты.

      Жыйындын ачылышында кафедра башчы И.Т. Алиев келген ата-энелерге кафедранын жамааты, тарыхы жөнүндө маалымат берди. Андан соң окуп жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктерин, коомдук-тарбиялык иштерге активдүү катышкандыгы, кафедранын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан студенттер жөнүндө да кеңири маалымат берди.

     Жыйын ата-энелердин суроо-жооп, сунуш пикирлери менен коштолуп, ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Жыйындын соңунда спортто болгон жетишкендиктери менен бааланган студенттердин ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Куратор А.З. Бакировдун сунушунун негизинде ата-энелер комитети дайындалды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ