AVN







АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ

АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ
 Mar 2, 2023  264

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан  “Адис даярдоодо – иш берүүчүнүн орду” – аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чарада адистерди даярдоодо базар экономикасынын шартындагы талаптар, жумушка орношуудагы критерийлер каралып, иш берүүчүлөр жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын, студенттеринин ортосунда чоң дискуссия жүрүп, көптөгөн суроолорго жооп алынды.

Иш чарага ЖАМУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору тех.и.к., доцент С.Ж.Куваков катышып, тегерек столдун темасы учурдун талабы экенин баса белгилеп кетти.

Тегерек столдун экинчи маселесинде студенттерди өндүрүштүк практикага жөнөтүүдө жол картаны түзүүнүн мааниси боюнча кафедранын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов жана ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы   Н.С. Жолдошалиева кыскача маалымат беришип, иш берүүчүүлөр менен талкуу жүрдү.

Жыйынтыгында иш берүүчүлөр тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу,  кафедранын иш планына киргизүү жана аткаруу иштери кафедранын жааматына жүктөлдү. Тегерек столго банк, салык, статистика жана финансы сферасындагы Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктардын жана ишканалардын жетекчилери катышты.

  • АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ
  • АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ
  • АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ
  • АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ
  • АДИС ДАЯРДООДО – ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН ОРДУ