AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНА МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕЛДИ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНА МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕЛДИ
 Mar 2, 2023  237

Жалал-Абад колледжинде студенттер менен медицина кызматкерлеринин жолугушуусу болду. Жолугушууну ЖАКтын социалдык педагогу Эгембердиева  Рабия Калыбековнанын уюштурду.

Анда  башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили, автоматташтырылган  система жана математика ПЦКларынын студенттери жана кураторлору катышышты. Жалал-Абад  областтык репродуктивдик саламаттык борборунун врачы Садырова Калийча Жолдошбаевна, Жалал-Абад областтык репродуктивдик саламаттык борборунун  психолог врачы  Тороева Мээрим Мураталиевна жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы жугуштуу оорулар  боюнча кеңири маалымат берди.Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы жугуштуу  оорулардын  алдын алуу үчүн жасалып жаткан иштер боюнча токтолуп өттү. Андан кийин студенттердин ар түрдүү суроолоруна жооп беришти.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНА МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕЛДИ