AVN







КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
 Mar 2, 2023  232

Үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде Жалал-Абад шаарындагы  өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жана Кызыл Ай коомунун адистери тарабынан студенттерге өзгөчө кырдаал жаралган учурда көрсөтүлүүчү биринчи жардам боюнча  окутуулар өткөрүлдү.

     Кырсык айттырып келбейт демекчи , жакында Турцияда болуп өткөн кырсыктардан улам өлкө боюнча окутуулар жүргүзүлүп жаткандыктарын белгилеп,  окутуу учурунда кызыл ай коомунун адистери тез жардам кызматы кандай кылып адамдын өмүрүн сактап калса болоорун кенен түшүндүрүп, жаракат алган адамга биринчи жардам көрсөтүү канчалык маанилүү  экенин, студенттерди кызыктыруу менен ар кандай ыкмаларды колдонушуп жогорку деңгээлде  түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

   Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан кандай учурда өзгөчө кырдаал  жаралат жана алардын түрлөрү  боюнча жалпы түшүнүктөрдү берип, ал нерсени алдын алса болобу жана камсыздандыруу жана эвакуация темалары боюнча маалымат берилди. Окутуунун аягында колледждин жамааты тарабынан ыраазычылык айтылып, мындан ары да тыгыз байланышта болуп туруу пландалды.

  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
  • КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА