AVN







Өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясы Жалал-Абад колледжинде болду

Өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясы  Жалал-Абад колледжинде болду
 Mar 1, 2023  209

Жалал-Абад колледжинде өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын  кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууну колледждин социалдык педагогу Эгембердиева Рабия Калыбековна уюштурду. Анда  башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили, автоматташтырылган  система жана математика ПЦКларынын студенттери жана кураторлору катышышты.

          Жолугушуу учурунда участкалык инспектор Кыдырова Самара Эсенбаевна  Жалал-Абад шаарындагы жана областтагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук боюнча кеңири маалымат берди. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу үчүн жасалып жаткан иштер боюнча токтолуп өттү. Андан кийин студенттердин ар түрдүү суроолоруна жооп берди.

  • Өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясы  Жалал-Абад колледжинде болду
  • Өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясы  Жалал-Абад колледжинде болду