AVN







ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
 Mar 1, 2023  216

Жалал-Абад колледжинин  мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучусу  М.А. Шерматова экологияны окутуунун усулу  предметинен  Жалал-Абад шаарындагы  Жоогазын  мектепке чейинки билим берүү  мекемесине  МЧББб-2-21 тайпасынын  студенттерин жумуш ордунда окутууга алып барды. 

Алар “Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө кызыгуу” деген темада сабак өтүштү. Студенттер бакчадагы балдар менен биргеликте өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, жашоосуна байкоо жүргүзүштү.   Ошондой эле аларга жаратылышты сүйүүгө, жаныбарларга, өсумдуктөргө  аяр мамиле жасоо үйрөтүштү. Студенттер балдар менен жакындан карым-катнаш жасап, биргеликте сүрөт тартып, тартылган сүрөттөрдү  белекке калтырып  кайтышты. Жумуш ордунда окутуу  учуру пайдалуу жана кызыктуу  болду.

  • ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ