AVN







“БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ

“БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
 Feb 28, 2023  213

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет элдик студенттери “брейн-ринг” акыл таймашына катышышты.

Акыл таймаш ОшМУда уюштурулуп, ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ЖОЖдордо билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер “Тышкы миграция, визалык маселелер” аттуу брейн-рингде таймашты. Эки раунддан турган бул интеллектуалдык жарышка 7 команда катышты. Командалар “Виза”, “Миграция”, “Элчилик”, “Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарлары”, “Логика” жана жалпы кругозор боюнча түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Иш-чарада Ош, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, Ош технологиялык университетинен, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен жана К.Ш. Токтоматов атындагы эл аралык университеттен келген оюнчулар күч сынашышты.
       Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет өлкөлүк студент жарандарынан куралган “Дружба” командасы активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен,  студенттерди даярдап, жетектеп баргандыгы үчүн  эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Фоизова Рошана ыраазычылык кат менен сыйланды.
       Конкурста Россиянын Ош шаарындагы генералдык консульствосунун атташеси Денис Городилов, Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлчүлүгүнүн 3-катчысы Эрнист Абдирашитов, ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын журналисти, “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун алып баруучусу Талантбек Канатбек уулу, Оштогу орус үйүнүн кызматкери Елена Куканбаевалар калыстык кылышты.
        Кызматташтык жана достук мамилелерибиз мындан ары да өнүгө беришине тилектешпиз – дейт .Фоизова.

  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ
  • “БРЕЙН-РИНГ” АКЫЛ ТАЙМАШЫ