AVN







ИШКЕРДИК ЖАНА ИШКЕРДИК КӨНДҮМДӨР

ИШКЕРДИК ЖАНА ИШКЕРДИК КӨНДҮМДӨР
 Feb 28, 2023  260

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында экономика ПЦКсынын окутуучу-тренерлер Г.Чекиргозова жана Н.Тукуева Ош шаарында “Ишкердик жана ишкердик көндүмдөр” семинарында ийгиликтүү окуп келишти. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушуна ылайык, ишкердик курсун жайылтуу үчүн окутуучуларды жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайынын өкүлдөрүн окутуу зарылчылыгы келип чыккан. Бул семинарга түштүк аймагындагы  7 кесиптик орто окуу жайлардын ишкердиктин негиздери предметин окутууну ишке ашыруучу окутуучулары катышты.

            Семинардын максаты - колледждин окутуучуларын заманбап дидактикалык ыкмаларга окутуу аркылуу студенттерде ишкердик компетенцияларды өнүктүрүү, ишкердикке окутуу боюнча окуу модулун натыйжалуу киргизүү үчүн колледждердин окутуучуларын заманбап дидактикалык мамилелерге, ыкмаларга окутуу.

  • ИШКЕРДИК ЖАНА ИШКЕРДИК КӨНДҮМДӨР