AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
 Feb 28, 2023  251

Кафедра башчысы доцент Ч.А.Асылбекова келген эксперт,иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөргө  быйылкы 2022-2023 окуу жылына жаңы эксперименталдык окуу планынын  түзүлгөнүн жана анда багыты 550300 филологиялык билим берүү чет (немец,англис) тили боюнча НББП сы түзүлгөнүн билдирди. Алгач  окуу планында негизинен 60% немец тили, 40% англис тили тектеш тилдер киргизилгенин билдирди.

НББПсын  талкуулоого  эксперттер,иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр катышышты. Мындагы  эң  актуалдуу  көйгөйүбүз  туура  предметтер англис  тилинен тандалдыбы?  Немец тилинен туура предмет тандалдыбы, сиздерде адистик даярдоодогу жаңы сунуш ой пикирлеринер барбы деген таризде пикирлешүү болуп өттү.

Эксперт  ф.и.к., доцент Алтынбаев Нурлан былтыр дал ушул экспериментальный  окуу  пландар боюнча көп лицензия берүүлөргө катыштым, бул  көбүндө маселе болуп атты. Мисалы: англис тилчи информатик, информатик  котормочу  дуальный кылып бир учурда эки адистикти алып жатканын айтты ,бирок жасалган иштер четке кагылганын билдирди. Биздин негизги максат студенттер  окууну аяктагандан кийин дипломду алып  иш берүүчүнүн талабына жооп бериш керек. Ф.и.к.доцент Алтынбаев Нурлан  эксперт катары  окуу планы орчундуу,маанилүү,эн керектүү,  туура түзүлгөнүн билдирип өз баасын берди . Бул жакшы мүмкүнчүлүк бир эле учурда немец жана  англис  тилдерин билүү. НББП менен макулдугун   айтты жана  кафедранын профессордук-окутуучулук курамына толук ишенээрин айтып, жаңы түзүлгөн НББПны колдоорун билдирди. Иш берүүчү  А.Нурматов “Немец тили борбору” окуу борборунун жетекчиси  негизинен  грамматика менен өлкө таануу көбүрөөк киргизиңиздер. Себеби: студенттер чет жака чыгыш үчүн сүйлөө речин өстүрүш үчүн окутуунун ыкмасын  өзгөртүш керек. НББП жаңы варианты менен таанышкандыгын жана колдоорун айтып кетти. Ал киргизилген өзгөрүүлөр стандартка туура келээрин жана практиканын саатын 2-курстан башталышын жакшы деп белгилеп кетти. Иш берүүчү  Ж.Жороева “Самара Журабаева”академиясында немец тили мугалими - өз сөздөрүндө жылдар бою немец тили кафедрасы менен тыгыз мамиледе иштешип келе жатканын жана бул күнгө чейинки адистик боюнча кандай гана өзгөрүүлөр болбосун колдоп келе жаткандыгын белгилеп өттү. Англис тилинин кошулушу актуалдуу экендигин жана практиканын сааттарынын көбөйүшүн белгиледи.

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО