AVN







ВЕТЕРИНАРИЯ ПЦКСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

ВЕТЕРИНАРИЯ ПЦКСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
 Feb 27, 2023  195

          Жалал-Абад колледжинин ветеринария ПЦКсы 2022-2023-окуу жылында жигердүү жумуштарды аткарууда. Айта кетсек ПЦКда бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга ветеринария адистигинин бүтүрүүчүлөрү  келишти. Жолугушуу студенттер үчүн кызыктуу болуп, адиске байланыштуу проблемалуу темаларды талкуу кылышты. Алардын ичинен үй жаныбарлардын  вакцинация иштери боюнча  талкуу кызуу жүрдү. Бүтүрүүчүлөр адистикти туура тандашкандыгын баса белгилеп,  окутуучуларга алкыштарын айтышты.

Учурда болсо ветеринария ПЦКсынын окутуучулары  Жолонбаева Б.Ж., Курманкулова М.А.,Жумабеков А.К., Адилбек уулу К. жана   10 студент НИМСИ окуу жайына барып, Америкадан  келген волонтердун мал чарбачылык боюнча 72 сааттык семинарга  катышышууда.

ПЦКнын дагы бир орчундуу иш-чарасы - "Ветеринардык кызматты айылда жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде уюштуруу,жеке ветеринардык сервистердин иштөөсү" деген темада иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү.Тегерек столго Жалал Абад облустук ветеринардык  башкармалыгынын башчысы  Кошоев Калил Кошоевич катышты.

Ветеринария ПЦКсындагы окутуучулар  К.И.Скрябин атындагы КНАУда квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп келишти. Мындай жетишкендиктер Жалал-Абад колледжинин студенттерине терең билим алууга жол ачаарын ветеринария ПЦКсынын жетекчиси М.Курманкулова билдирди.

  • ВЕТЕРИНАРИЯ ПЦКСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
  • ВЕТЕРИНАРИЯ ПЦКСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР