AVN







Алдыңкы тажрыйба борборунун студенттери аскердик бөлүктө болушту

Алдыңкы тажрыйба борборунун студенттери аскердик бөлүктө болушту
 Feb 27, 2023  184

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин  тарых секциясынын окутуучулары Байышбек кызы А., А.Жороева, Э.Осмонова , аскерге чейинки даярдык окутуучусу А.Ж.Макамбаев ПОВТАСк-2-22, ПОВТАСк-01-21, ССк-2-21, АТк-5-22 ӨКк-2-22 группаларынын студенттерин  14-февраль күнү Жалал-Абад шаарындагы 704 аскердик бөлүктө уюштурулган  ачык эшиктер күнүнө алып барышты. Иш-чаранын максаты-студенттерди мекенди коргоого, өз өлкөсү менен сыймыктануу сезимин калыптандырууга жана патриоттуулукка  тарбиялоо.

Аскердик бөлүктүн командири, майор Р. Р. Байшериев студенттерди жакшы кабыл алды. Ал Президент С.Н.Жапаровжун Жарлыгына ылайык азыркы учурда аскер бөлүктөргө эң жакшы көңүл бурулуп,шарттары жакшырып, тартипти жана көзөмөлдү күчөткөдүгүн өз сөзүндө айтып өттү.

Барган студенттерди 5 отрядга бөлүп, кызматкерлерин коштоп аскерлердин турмуш шарты менен тааныштырып чыгышты. Уктоочу, жуунуучу,  буюмдардын коюлуучу бөлмөлөрүн, окуу кабинеттерин, машыгуу залдарын, стадиондорун о.э. аскерлердин бир күндүк тамак ашы, курал жарактардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүштү

  • Алдыңкы тажрыйба борборунун студенттери аскердик бөлүктө болушту
  • Алдыңкы тажрыйба борборунун студенттери аскердик бөлүктө болушту