AVN







"САЛАМ НООРУЗ"

 Mar 23, 2018  1062

ЖАМУнун  Табигый Техникалык факультетинде 20 – март  күнү “Салам Нооруз”  аттуу иш чара уюштурулду. Ага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттер күбө болушту. Бул тууралуу аталган факультеттин деканы Жакып Шамиев билдирди.

Анын айтымында Чыгыш элдеринин Жаңы Жылы болуп саналган “Нооруз” майрамында кыргыздын улуттук каада-салттары көргөзүлүп, оюн-зооктору ойнолуп жана тамак-аштары катышуучуларга тартууланган.

Ал эми университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов иш-чаранын катышуучуларына каалоо-тилектерин билдирип, “Урматтуу кесиптештер, студенттер Сиздерди “Нооруз” майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жаңылануунун, токчулуктун, тынчтыктын символу болгон бул майрамда, ар бир үйгө бейпилдик, бакубатчылык каалайм. Иштериңиздерде зор ийгиликтер жаралып, жалпы жамаатка биримдик тилейм” – деген каалоо айтып өттү.

Андан сырткары майрамдын символу болгон “сүмөлөк” кайнатылып, жаштарга спорттук оюндар уюштурулду дейт Ж. Шамиев.