AVN







ЭКОНОМИКА-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАК

ЭКОНОМИКА-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАК
 Feb 27, 2023  199

ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө. ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата университеттеги билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулук курамдын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында өткөрүлгөн сынактын жүрүшү боюнча экономика-юридикалык колледжинин окутуучусу Ташматова А.А. “Мыкты окутуучу” аталышы боюнча ачык сабак өттү.

Ачык сабак социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттерине Калкты иш менен камсыздоо жана аны жөнгө салуу предметинен болуп өттү. Сабактын темасы Калктын миграциясы болуп, анда студенттердин бүгүнкү күндөгү ички жана сырткы миграция боюнча статистикалык маалыматтар менен, КРнын миграциялык саясатынын принциптери, милдеттери жана максаттары боюнча практикалык сабакта берилген тапшырмаларды аткарышты. Cтуденттер сабакта жеке, жупта, топто иштешип, ойлолорун презентациялашты. Сабак жыйынтыгында ар бир студент өздөрүнүн бүгүнкү сабакта алган билими боюнча анализ жүргүзө алышты. 

  • ЭКОНОМИКА-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАК
  • ЭКОНОМИКА-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАК
  • ЭКОНОМИКА-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАК