AVN







23-февраль Ата-мекенди коргоочулар күнү!

23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!
 Feb 25, 2023  327

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети

экономика-юридикалык колледжи тарабынан  Ата-Мекенди коргоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү.

    Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленүүдө. Буга чейин  23-февраль  Советтик Армиянын күнү деп  белгиленип келген, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып калган.

Бул жолугушуу эр азаматтарды мекенди сүйүүгө, аны бекем коргоого жана аскердик милдеттерди өтөөгө чакырат.

    Жолугушууга Баткен согушунун катышуучусу,  полковник Манас орденинин кавалери, аскер ардагерлер кенешинин төрагасы Карбеков Жумабек Камчыбекович,  ардактуу ардагер полковник Матибраимов Маматсабыр, Ички Иштер Министрлигинин ардактуу ардагери  полковник Бекенов Талантбай Жунусович,  Чернобыль апаатынын катышуучусу  ардактуу ардагер полковник Исраилов Эльдияр Каныбекович келишти .

     Иш чараны экономика-юридикалык колледждин директору э.и.д.,профессору Карбекова А.Б. сөзгө чыгып жана куттуктоо сөзүндө-  өз мекенин жана өз ишин , жакындарын, өзүнүн келечегин коргоого  даяр эр жүрөк жана руху күчтүү ардагерлерибизди жалпы  мырзаларыбыздын майрамы  менен куттуктап өттү.

Жолугушуу учурунда полковник Карбеков Жумабек Камчыбекович  өзүнүн аскердик кызматындагы  түрдүү окуяларды, Баткен согушуна катышкандыгы боюнча айтып берди.

  Полковник  Матибраимов Маматсабыр агабыз өзүнүн башынан өткөн түрдүү сыноолорду, аскерди өтөөдөгү кыйынчылыктарды жана жигиттерди аскерден качпоого, мекенин коргоого чакырды.

    Ички Иштер Министрлигинин ардактуу ардагери  полковник Бекенов Талантбай Жунусович   аскер кызматындагы кыйынчылыктар  жана  ошо менен биргеликте ал аркылуу бийиктике да  жеткенин сыймык менен  айтып өттү.

   Ардактуу ардагер-полковник  Исраилов Эльдияр Каныбекович  азыркы жаштарды аскер кызматын өтөөгө чакырып,  Ата-Журттун коргоочусу болуу-ардактуу жана жооптуу да экенин өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

   Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Ардагерлерибиздин төшүндөгү ордендери жалпы жаштардын кызыкчылыгын арттырып, кайсыл кызматы үчүн алгандарын сурап жатышты.

Жолугушуунун сонунда  ЭЮКтун окутуучулар жамааты тарабынан ардагерлерге гүлдесте менен белектер тапшырылды.

  • 23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!
  • 23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!
  • 23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!
  • 23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!
  • 23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!
  • 23-февраль   Ата-мекенди  коргоочулар күнү!