AVN

“АЛЫШ” БЕЛ БОО КҮРӨШҮ БОЮНЧА ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ БОЛУШТУ

“АЛЫШ”  БЕЛ БОО КҮРӨШҮ БОЮНЧА  ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ БОЛУШТУ
 Feb 25, 2023  229

     Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин дене тарбия адистигинин студенттери 2023-жылдын 17-19-февраль  күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн  “Алыш”  бел боо күрөшү боюнча  Кыргыз Респубиликасынын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы чемпионатка катышыышты. Бул тууралуу “Ден соолук” борборунун директору билдирди.

Дене тарбия адистигинин  студенттери жогорудагы мелдешке катышып, байгелүү орундарды ээлешке.  Шаршеналы уулу Мадаминбек,  ДТ 1-21 тайпасынын студенти  80кг салмактын классикалык стилинде  күч сынашып, 1-орунду багынтып  алтын медалдын ээси болду. Ушул эле чемпионатта ДТ 1-22 тайпасынын  студенти Шайыбекова Мырзайым 70кг салмакта өз күчүн сынап, 1-орунду багынтып алтын медалын тагынды – дейт Низамидин Абдирахимов.

        Аты аталган спортчулар буга чейин да бир катар ийгиликтерди жаратып, медалдарды тагынып келишкен.

        Шаршеналы уулу Мадаминбек азыркы мезгилде Эл аралык класстагы спорттун чебери, машыктыруучусу   Ч.Аканов.

        Шайыбекова Мырзайым  Кыргыз Респубиликасынын спорт чебери машыктыруучусу   Ч.Аканов.

Спортчуларыбызга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз, желегибизди дүйнө элдеринин алдында желбиретип, бийиктиктерди багындырштарына тилектешбиз!

  • “АЛЫШ”  БЕЛ БОО КҮРӨШҮ БОЮНЧА  ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ БОЛУШТУ