AVN







БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЭМГЕК РЫНОГУНА АЛЫП ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЭМГЕК РЫНОГУНА АЛЫП ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ
 Feb 24, 2023  303

21-февраль «СКС Жалал-Абад» Коомдук фонду (http://www.rasja.kg/). Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү менен биргеликте ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү долбоорунун алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарындагы ишкерлер, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн, ошондой эле  Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор)  өкүлдөрү катышышты.  ЖАМУда 2021-2022-окуу жылында жалпысынан 1716 бүтүрүүчү окуусун аяктап, анын ичинен 71% бүтүрүүчү жумушка  жайгашкан.

Бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында, бош орундар жөнүндө маалыматтарды издеп жана чогултуу ЖАМУнун  “Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу” бөлүмүнүн милдети.  Ошондукутан иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу зарыл. Мекемелердеги бош орундарды жарыялоо боюнча  ЖАМУнун веб-сайтында атайын баракча ачылган. Семинарда иш берүүчүлөр өздөрүндөгү бош иш орундуктарды  сунуштоону убадалашты. Иш берүүчүлөр жана ишкерлер менен өткөрүлгөн семинар максатуу болду деп билдирди карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Ж.Н.Паязова.

  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЭМГЕК РЫНОГУНА АЛЫП ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЭМГЕК РЫНОГУНА АЛЫП ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЭМГЕК РЫНОГУНА АЛЫП ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ