Филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-19 тайпасынын куратору Г. Жороева тарабынан 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Мекенди коргоо ыйык милдет” деген темада куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү.
Куратордук тарбиялык сааттын максаты -Ата Мекенди сүйүүгө, көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо жана студенттерге аскер-патриоттук тарбия берүү жана агайларга сый урмат көрсөтүү болду. Ата Мекенди коргоочулар күнү, анын тарыхы, Мекенди коргоо темаларындагы патриоттуулукка үндөй турган маалыматтар кеңири берилди.
Студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгын Мекен тууралуу ыр айтуу, ыр ырдоо, бийлөө менен көрсөтө билишти жана Дүшебек кызы Гүлзирек факультеттин агайларына арналган автордук ырын көркөм окуп берди. Ата Мекен тууралуу суроолор берилип, жооп берген катышуучуларга белектер берилди.