AVN

ЖАЛПЫБЫЗ БИРИКСЕК КҮЧТҮҮ БИЛЕК, ЖАМУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БИЗДИН ТИЛЕК

 Feb 24, 2023  239

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында 22-февраль күнү “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну өнүктүрүү биздин тилек” – аттуу гала концерт болуп өттү.

Алгач окуу жайдын ректору Усенов Кенешбек Жумабекович сөз сүйлөп, 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. “Урматтуу кесиптештерим, Сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм! Чек арабыз бекем болуп, элибиз тынчтыкта өмүр сүрүп, өлкөбүз өнүгүп, өссүн. Ал эми өлкө боюнча 100 жылдык тарыхы бар жалгыз гана биздин окуу жай. Бул билим уядан өлкөнү башкарган, чыгаан инсандар билим алып кеткен. Ошондой эле азыркы күнү дагы бул жерден билим алган жаштарыбыз дүйнөнүн ар тарабына эмгектинишүүдө. Университет замандан калбай өнүгүүдө жана мыкты адистерди талыкпай даярдоодо. Ар бир жетишкен ийгиликтердин артында биримдиктүү жамаат турат. Мындан ары дагы биргеликте бийиктиктерди багындыралы жана бүгүнкү гала концерттин катышуучуларына ийгилик каалайм – деп иш чараны ачып берди.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган жарлыгынын жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 жылдыгына карата «100 жылдыкка 100 иш чара» долбоорунун алкагында университеттин 6 колледжинин жана 6 факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусу менен маданий иш чара жыл бою уюштурулуп келген. Анда саламдашуу,Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүш, Манас эпосунан үзүндү жана  обондуу ырлардан аткаруу программада камтылган. Колледж, факультеттердин мыкты аткарган чыгармалары тандалып, жогорудагы гала концерт уюштурулган.

Жыйынтыгында катышуучуларга университеттин жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлык, диплом жана грамоталар ыйгарылды.

  • ЖАЛПЫБЫЗ БИРИКСЕК КҮЧТҮҮ БИЛЕК, ЖАМУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БИЗДИН ТИЛЕК