AVN







АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ

АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
 Feb 24, 2023  480

1922-жылы бул күн расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль – Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган. Ал эми Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, 2003-жылдын 20-январында N17-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү болуп аныкталсын” деп жарыяланган. Ошондон бери Кыргызстанда 23-февраль –Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.

“23-февраль – Ата мекенди коргоо күнүнө” карата 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад обласундагы ыйгарым укуктуу өкүчүлүгү жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынанан даярдалган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарада Мекен коргоочуларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад обласундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Жалал-Абад шаарнын мэри майрам менен кызуу куттукташып, өкүлчүлүктүн жана мэриянын “Ардак грамотасы”, “Алкыш” менен сыйланды.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен аталган иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д. Доранова катышып келди.

  • АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ