AVN







Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөр менен жолугушуу уюштурулду

Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөр менен жолугушуу уюштурулду
 Feb 22, 2023  240

Жалал-Абад колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКнын БАС, ПОВТАС адистиктеринде окуган 3-курстун студенттери үчүн социалдык өнөктөштөр менен жолугушуу болду. Иш- чаранын негизги максаты:

1. Эмгек рыногунун талаптарына ылайык социалдык өнөктөштөр менен тыгыз иш алып баруу жана кызматташуу.

2. Профессионал техник адистерди даярдоо процессинде кесиптик ык, жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү,теориялык окуу процессинде алынган билгичтиктерин, жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн тереңдетүү жана бышыктоо.

3. Келечектеги багытын туура тандап алууга үндөө.

Иш-чарага Жалал-Абад областтык китепкананын директору С.С.Аталиева, ЖАМУнун санариптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун жетекчиси А.М.Термечикова, ЖАМУнун сайтын түзүүчү Орунбай уулу Нурсейит, Кыргызтелеком областтык филиалдын маалыматтык техникалык камсыздоо группасынын жетекчиси Б.К.Ибрагимов, “ЛЕК” окуу борборунун директору  Э.О.Дарбановтор чакырылды.

Иш-чараны ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева ачып, өз сөзүндө социалдык өнөктөштөр менен дайыма тыгыз байланышта иштөөнү,  күчтүү кадрларды   даярдоо үчүн алар менен кызматташууну күчөтүүнү айтты. Программанын жүрүшүндө АСжМ ПЦКнын практика жетекчиси А.К.Сатимбаева  БАС,ПОВТАС адистиктеринде өткөрүлгөн иш-чаралар, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусу боюнча статистикалык маалымат берди.

Келген конокторго сөз берилип, алар  жумушка жайгашуу боюнча бош орундар бар экендигин айтып өтүштү. ЖАМУнун сайтын түзүүчү  Орунбай уулу Нурсейит студенттерди конкурс менен жумушка алууну жарыялады, ошондой эле  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун санариптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун жетекчиси А.М.Термечикова студенттерибиз менен азыркы күндө  кызматташып келе жаткандыгын, бөлүмдө  иштеп жаткан адистер ЖАКтын БАС, ПОВТАС адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү экендигин айтты.  Студенттер өздөрүнүн түзгөн программаларын презентациялашып, коноктор менен талкуулашты.

                 Жолугушууну АСжМ ПЦКсынын төрайымы Д.К.Калдарова жыйынтыктап,конокторго ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын уюштуруучулары А.К.Сатимбаева, Э.М.Пахрдинова, Ж.М.Аскаровго албан чыгармачылык каалады.

  • Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөр менен жолугушуу уюштурулду
  • Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөр менен жолугушуу уюштурулду