AVN







ЮБИЛЕЙГЕ КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ОРУН АЛДЫ

ЮБИЛЕЙГЕ КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ОРУН АЛДЫ
 Mar 22, 2018  841

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  деканы п.и.к.,доцент  Сапарбек Ажыкуловдун  демилгеси менен  20-мартта "ЖАМУнун  95 жылдык юбилейине" жана  "Нооруз " майрамына карата,  кафедралар  жана адистиктер боюнча студенттер  арасында волейбол боюнча турнер болуп өттү.   Маалыматты аталган факультеттен билдиришти.

Оюнга 9 кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер ортосунда таймаш болду. Жыйынтыгында  1-орунга профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы "философия жана гуманитардык илимдер " кафедрасы, 2-орунга Жогорку математика жана МОТ кафедрасы, 3-орунга Педагогика жана психология кафедрасы ээ болушту. Ал эми адистиктер арасында студенттер боюнча  1-орунга  Физика математикалык билим берүү багыты боюнча Математика адистиги 2-орунга, Физика математикалык билим берүү багыты боюнча Информатика адистиги, 3- орунду Башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасынан Информатика жана эсептөө техникасы адистигинин студенттери ээледи деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле   алар кошумчалагандай 1-2-3 орун алган кафедраларга жана студенттерге дипломдор жана акчалай сыйлыктарды, ал эми 4-5-6 орун алган кафедраларга акчалай сыйлыктар тапшырды. Педагогикалык жана маалымат технологиялар факультетинде жалпы 120дан ашуун профессордук окутуучулар эмгектенет  жана 660дан ашуун студент билим алат.

  • ЮБИЛЕЙГЕ КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ОРУН АЛДЫ
  • ЮБИЛЕЙГЕ КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ОРУН АЛДЫ
  • ЮБИЛЕЙГЕ КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ОРУН АЛДЫ
  • ЮБИЛЕЙГЕ КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ОРУН АЛДЫ