AVN







КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА

КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
 Feb 22, 2023  219

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын улук окутуучусу уюштуруп жаткан социалдык иш багытынын  4-курсунун СКк-1-19 тайпасынын студенттеринин квалификация алдындагы практикасынын практика алдындагы конференциясы 2023-жылдын 21-февралында болуп өттү. Аталган конференцияга проф. Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысынын м.а. -  А.О.Шерматов, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы - Жолдошалиева Н, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана  өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Паязова Ж.Н., професор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын улук окутуучусу, практика жетекчиси Кожоназарова Ы.М. жана жалпы студенттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө квалификация алдындагы практиканын жалпы маалыматы жана практикага жөнөтүлгөн студенттерди керектүү маалымат, материалдар  менен камсыздоо, тааныштырылды. Жыйынтыгында жалпы практиканын программасы, жол карта, коопсуздук, жүрүм-турум эрежелери, жободогу баалоо критерийлери боюнча маалыматтар толук жеткирилди.

  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА