AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ СТУДЕНТТЕР ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛҮП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ СТУДЕНТТЕР ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛҮП ЖАТАТ
 Feb 22, 2023  203

 2022-2023-окуу жылдын оку графигине ылайык автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча), автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо адистиктеринин бүтүрүүчү студенттерине квалификация алдындагы практикага жөнөтүү конференциясы болду. Конференцияга АСжМ ПЦКсынын төрайымы Д.К.Калдарова жана ар бир тайпанын практика жетекчилери Б.Маманова, Ч.Арзыматова, Т.Исманова, И.К.Абдуллаев, М.Акматова, Э.Пахирдиновалар катышышты. Конференциянын максаттары жөнүндө АСжМ ПЦКсынын төрайымы Д.К.Калдарова презентациялап, студенттерге түшүндүрдү.Ошондой эле студенттердин милдеттери, талаптары, техникалык коопсуздук эрежелери, жолдо жүрүүнүн эрежелери, санитардык-гигиеналык эрежелери менен толугу менен тааныштырылды. Квалификацияга студенттердин баары толук катышышты. Студенттерге жолдомолор берилди.

Дене тарбия адистигинде дагы мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Конференцияда студенттер мамлекеттик практиканын максаты жана милдеттери менен танышышты.Ошондой эле студенттер практиканын жол картасы жана коопсуздук эрежелер менен танышышты.Практика жетекчилери тарабынан студенттерге таркатма материалдар берилди.

Иш чарага ЖАКтын   өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары У.Т.Кайкыева, практика жетекчилери Ж.А.Ажыкулов, М.Разаков жана У.Сыдыковдор катышышты.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ СТУДЕНТТЕР ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛҮП ЖАТАТ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ СТУДЕНТТЕР ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛҮП ЖАТАТ