AVN

СТУДЕНТТЕР “КУРМАНБЕК” МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮНДӨ....

СТУДЕНТТЕР “КУРМАНБЕК” МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮНДӨ....
 Feb 22, 2023  237

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факултетинин юрицпруденция багытынын ЮК-1-19 тайпасынын студенттери        2023-жылдын 21-февраль күнү  “Курманбек” милиция бөлүмчөсүнө барышты. Бул тууралуу аталган факультеттин окутуучусу Талайбек Сусунбаев билдирди.

Сусунбаев Талайбек Жолдошбековичтин   айтымында криминалогия сабагынан практика учурунда  Жалал-Абад шаарындагы  “Курманбек” милиция бөлүмүнө барышкан. “Студенттер ал жердин имараты жана алардын иш алып баруусу боюнча таанышып чыктышты. Таанышуу учурунда шаардын ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын  майору  Бактыгулов  Болотбек Бактыгулович менен жолугушуп ага суроолорду беришти.  Суроолорду берүү учурунда көп юридикалык жана криминалогиялык жактан маалыматтарды алып кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар менен таанышып чыгышты. Студенттер теориялык алган билимин практика түрүндө айкалыштырса алган адистиктерин тереңден түшүнө алышат жана кесипкөйлүүлүгүн арттырат – дейт Т. Сусунбаев.

  • СТУДЕНТТЕР “КУРМАНБЕК” МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮНДӨ....