AVN







ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ

ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ
 Feb 21, 2023  221

“21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө” карата табигый-техникалык факультетинин электроэнергетика жана механика кафедрасы “Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде” аттуу факультеттин деңгээлинде иш-чара өткөрдү. Иш чара көрсөтүлгөн мөөнөттө жана жобого ылайык төмөндөгүдөй программа менен 25-30 мүнөттүн ичинде  студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашаты.

1.      Уюштуруу. Эл аралык эне тил жөнүндө маалымат. Мамлекеттик тил гимни.

2.      Эне тил жөнүндө ырлар

3.      Макал- лакаптар

4.      Көркөм окуу

5.      Улуу адамдар тил жөнүндө

6.      Кыргыз тили башка элдердин өкүлдөрүнүн баасында

7.      Макалдарды улоо

8.      Жаңылмач айтуу

9.      Суроо-жооптор

10.    Жыйынтыктоо

Иш - чарага табигый-техникалык факультетинин деканы Шамиев Ж.Б., электр менен камсыздоо кафедрасынын башчысы Кокумбаева К.А., кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.

Жогорудагы кафедра тарабынан уюштурулган иш чаранын максаты, ар бир элдин тилин, тарыхын, руханий баалуулуктарын, маданиятын,  каада-салтын сактоого жана даңазалоого шарт түзүү, өз мекенине,  эне тилине болгон сый-урматты кеңейтүү жана улуттар аралык достук мамилелерди, карым-катнашты чыңдоо болуп саналат.

  • ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ
  • ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ
  • ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ
  • ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ
  • ЭЛДИН ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ АНЫН ТИЛИНДЕ