AVN







ПРОБАЦИЯ

ПРОБАЦИЯ
 Feb 21, 2023  272

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университенин экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция адистигинин студенттерине жана Юк-1-21 тайпасына  кылмыш-жаза укугу сабагынан  окутуучу З.Кошалиева тарабынан  конок лекция уюштурулду.

 Ага Жалал-Абад областты боюнча пробация бөлүмүнүн башчысы Эшалиев Уларбек Туратбекович жана Сузак райондук пробация бөлүмүнүн башчысы Каратаева Бактыкан Кубатбековна “Пробациялык көзөмөл” темасында лекция окушту.

Пробация (англ. probation - сыноо) – бул шарттуу жазанын бир түрү.  Анда соттолуучуга сот аныктаган сынак убакыты берилип,  ал атайын органдардын көзөмөлүндө болот. 

Пробация – бул, пробациянын кардарларына социалдык көмөк алууга, алардын түзөлүүсүнө, социалдашыуусуна, коомго кайрадан кошулуусуна, укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган тийиштүү шарттарды түзүп берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жалпысынан камтыган комплекстүү жүргүзүлүүчү чаралар. 

Ал үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана коомчулук өз ара тыгыз аракет жүргүзүп, пробациянын кардарына социалдык-укуктук, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүшөт. Жыйынтыгында пробациянын кардарында, башкача айтканда сыналуучуда оңолууга мүмкүнчүлүк пайда болот. 

Пробация аны колдонуунун милдеттерине жана стадиясына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) сотко чейинки пробация;

2) аткаруу пробациясы;

3) пенитенциардык пробация;

4) пенитенциардан кийинки пробация.

Лекциялык сабакка студенттер активдүү катышып, суроо-жооптор,  өз ара пикир алмашуулар менен жыйынтыкталды - деп  кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу З.А.Кошалиева  билдирди.

  • ПРОБАЦИЯ
  • ПРОБАЦИЯ
  • ПРОБАЦИЯ
  • ПРОБАЦИЯ
  • ПРОБАЦИЯ
  • ПРОБАЦИЯ