AVN







“ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”

“ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
 Feb 21, 2023  2910

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилдерин натыйжалуу өнүктүрүү максатында 21-февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин эл аралык күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын экономика багытынын бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, финансы жана кредит адистигинин студенттери менен 2023-жылдын 15-февралында Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилин барктайлы” иш чарасынын алкагында “Эне тилим – менин дилим” девизи менен БЭк-1-19, ФКк-1-21 жана ФКк-1-19 тайпаларынын студенттеринин арасында тарбиялык куратордук саат өтүлдү.

Тарбиялык саатта негизинен ар бир улут эне тилин аздектеп сактап келет, эли жерин урпактарга өткөрүп берүү менен бирге, мамлекеттик тилге болгон сый урматын даңазалоо болуп эсептелет. Студенттер тарабынан эне тил боюнча слайд көрсөтүлдү , баяндамалар, көркөм окуулар окулуп, обондуу ырлар ырдалып, тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттерге тил боюнча түшүндүрмөлөр болду –  деп билдирди кафедранын тарбия иштери боюнча жооптуусу Аширалиева Бактыгүл Абдиумаматкадыровна.

  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ”