AVN







МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА  ЖӨНӨТҮҮ
 Feb 20, 2023  200

Экономикалык-юридикалык колледжинин укук таануу адистигинин     3-курстарынын студенттерин мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы болду. Бул тууралуу аталган колледжден кабарлашты.

Алардын айтымында студенттер окуу процессинин графигине ылайык 2023-жылдын 20-февралынан-8-апрелине чейин укук коргоо органдарында мамлекеттик практикасын өтөшөт. Конференецияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы     Н.С.Жолдошалиева, ЭЮКтун  өндүрүштүк практика  жана карьера башчысы  Н.А.Айылчиева, Укук таануу ПЦКнын төрагасы Г.М.Сабиралиева, практика жетекчилери жана студенттер катышты.

Конференцияда жетекчилер тарабынан студенттерге практика өтөөнүн максаттары жана милдеттери боюнча маалымат берилди, жол карта жана күндөлүк жазуу боюнча да айтылды. Студенттер практика боюнча баардык суроолорунун жообун ала алышты. 

  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА  ЖӨНӨТҮҮ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА  ЖӨНӨТҮҮ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА  ЖӨНӨТҮҮ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА  ЖӨНӨТҮҮ