AVN







Алдынкы тажрыйба борборунда студенттер квалификациялык иштин алдындагы практикага жөнөтүлдү

Алдынкы тажрыйба борборунда студенттер квалификациялык иштин   алдындагы практикага жөнөтүлдү
 Feb 20, 2023  213

Жалал-Абад колледжинде тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы адистигинин 3-курсунун студенттерине квалификациялык иштин алдындагы практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Окуу планына ылайык практика 20.02.2023-01.04.2023-ж чейинки мөнөөттө, Жалал-Абад жана Бишкек шаарындагы тигүү ишканаларында өтүлөт.

Конференцияга өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары  Ү.Т.Кайкиева, ТБК ПЦКсынын төрайымы К. Мырзабаева, практика жетекчилери, өндүрүштөн практика жетекчиси Э. Абдуллаева жана студенттер катышышты. Конференция даярдалган программанын негизинде өттү. Квалификациялык иштин алдындагы практиканын максаты жана милдеттери, техникалык-коопсуздук эрежелери, санитардык-гигиеналык эрежелер менен  окутуучу М. Жолдошова тааныштырды. Мындан сырткары студенттердин жол картасы, берилген тапшырмалар жөнүндө окутуучу Н.Султанова тааныштырып, студенттер арасында кызуу талкууланды. Өндүрүштөн практика жетекчиси Э. Абдуллаева да студенттерге ой-максатын айтып өттү.

Күндөлүктү толтуруу, практиканын отчеттуулугу, баалоо критерийлери жөнүндө  окутуучулар  Н.Мамажунусова жана С.Кадырова түшүндүрүп берди. Жыйынтыгында студенттерквалификациялык иштин алдындагы практикага жөнөтүү буйругу менен тааныштырылып, ийгиликтер айтылды. Бишкек шаарында практика өтөөчү студенттерди жетекчилер өздөрү чогуу барып, ишканаларга жайгаштыруусу айтылды.