AVN







БАС КАФЕДРАСЫНАН 100 ЖЫЛДЫККА, 100 ВИДЕО !!!

БАС КАФЕДРАСЫНАН 100 ЖЫЛДЫККА, 100 ВИДЕО !!!
 Feb 20, 2023  274

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 100 жылдык маарекесине карата Э.Уметов атындагы башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы 2022 жылдын 28-мартында   «100 жылдыкка 100 видео » аттуу иш чараны баштагандарын демилгечи кафедра башчысы доцент Сапарбек Ажыкулов билдирди. Бүгүнкү күндө ошол иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылган жолугушуу болуп жатат деп токтолду.

Ага кафедранын окутуучулары, бүтүрүүчүлөр, иш-берүүчүлөр, студенттер катышышты. Видео роликте университетте иштеп кеткендер, иштеп жаткандар, студенттер, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр ж.б. ЖАМУ жөнүндө, өздөрү жөнүндө маалымат беришип, Б.Осмонов атындагы ЖАМУну 100 жылдык мааракеси менен куттукташкан. Видеонун алкагында ЖАМУда иштегенине жана окуп билим алып бүтүп кеткенине, бүгүнкү күндө университетте алган билимин  жумушунда колдонуп жаткандарына ыраазы болуп эскеришкен. Ошондой эле студенттерибиз бүгүнкү күндө окуп билим алып жаткандарына,  сыймыктана тургандарына токтолушкан. Жыйындын аягында Жашасын ЖАМУ! жашасын профессордук-окутуучулук курам! Жашасын ЖАМУнун студенттери! “ЖАМУ 100 жылдык мааракең” кут болсун!  - деп жыйын аякталды деп билдирген аталган кафедрадан.

  • БАС КАФЕДРАСЫНАН 100 ЖЫЛДЫККА, 100 ВИДЕО !!!
  • БАС КАФЕДРАСЫНАН 100 ЖЫЛДЫККА, 100 ВИДЕО !!!