AVN







ТАРЫХТА КАЛГАН КҮН

ТАРЫХТА КАЛГАН КҮН
 Feb 20, 2023  294

   2023-ж. 15 февраль күнү  Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университети  тарабынан  уюштурулган  Ооган ардагерлери менен жолугушуу болду. Бул күн Ооган согушуна катышкан ооган ардагерлерине урмат-сый  көрсөтүү күнү катары белгилөө салт болуп калган.  

Дээрлик он жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. Жалал-Абад мамлекеттик  университетинде да Ооган согушунун ардагерлери   эмгектенишет, адаттагыдай эле ушул күндү белгилөө максатында ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин студентттери менен ардагерлердин  жолугушуусу  болуп өттү. Жолугушуу учурунда ардагерлер башынан өткөргөн кыйынчылыктарды  жана ар кандай коркунучтуу окуяларды  студенттерге айтып беришти. Ардагерлер студенттерге аскер кызматын өтөөгө чакырып, патриоттуулукка үндөдү.