AVN







ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ

ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
 Feb 20, 2023  296

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана  Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосундагы меморандумдун негизинде аталган окуу жайга  ЖАМУнун окутуучу агайлары жана студенттери барып, спорттун волейбол жана баскетбол (кыздар, балдар) түрү боюнча жолдоштук беттешүү өткөрүп, конок болуп кайтышты.

Бул иш чаранын ачылуу аземинде Б.Сыдыков атындагы Ош  КУУнун илимий иштер боюнча протектору М.М. Исманов жана окуу жайдын профсоюзунун төрагасы Ш. Эгембердиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөдү.

        Иш чаранын негизги максаты окуу жайлар мындан ары да эки тараптуу кызматташууну, достукту жана ынтымактуулукту бекемдөө максатында спорттук, маданий массалык иш чараларды байма-бай өткөрүү жана академиялык мабилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат.

        ОшКУУнун жалпы профессордук-окутуучулар жамаатына жана дене тарбия кафедрасынын башчысы доцент Курсан Каимовго ЖАМУнун “Ден солук” спорт борборунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз – дейт аталган борбордун директору Низамидин Абдурахимов.

  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ
  • ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШҮҮ