AVN







“ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ

“ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
 Feb 20, 2023  256

2023-жылдын 17-февраль күнү “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата жана ЖАМУнун 100 жылдык мааракесине карата “100 жылдыкка 100 иш-чара”  долбоорунун алкагында “Эне тилим - мурасым” аталышта студенттер арасында фестиваль  университеттин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында болуп өттү. Фестивалды университеттин илим иштери боюнча проректору С.Ж.Куваков ачып, ректор К.Ж.Усеновдун “21-февраль – Эл аралык эне тил күнү” карата куттуктоосун жолдоп, фестивалдын катышучуларына ийгилик каалады. 

Фестивалдын максаты, ар бир элдин тилин, тарыхын, руханий баалуулуктарын, маданиятын,  каада-салтын сактоого жана жакындан тааныштырууга, даңазалоого шарт түзүү, өз мекенине, элине, эне тилине болгон сый-урматты кеңейтүү,  көп тилдүү билим берүүгө багыт берүү, элдер жана улуттар аралык достук мамилелерди, карым-катнашты чыңдоо жана ЖАМУнун 100 жылдык мааракесине карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында университеттин жетишкендиктерин даңазалоо.

Фестивалга 8 команда катышып өнөрлөрүн тартуулашты, алар:

  1. Кыргыз тили командасы - даярдаган филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана кафедра башчысы Кадырова А.К.;
  2. Орус тил командасы – даярдаган филология факультетинин орус филологиясы окутуучулары жана кафедра башчысы Жусупова А.А.;
  3. Өзбек тили командасы – даярдаган филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыкалыкова Ч.К.; 
  4. Түрк тили командасы – даярдаган филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары жана  кафедра башчысы Жолдошбаева Ы.К.;
  5. Англис тили командасы - филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана кафедра башчысы Калмуратова А.О.;
  6. Немец тили командасы - филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары жана кафедра башчысы Асылбекова Ч.А.;
  7. Кытай тили командасы - Конфуций институтунун жамааты жана  директору Шакирова М.Р.;
  8. Индия тили командасы - Медициналык факультетинин гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары жана кафедра башчысы Эшиев А.М.

Фестивалдын катышуучулары көрсөтүлгөн мөөнөттө жана жобого ылайык төмөндөгүдөй жанрларды жана шарттарды эске алуу менен 20-25 мүнөттүн ичинде  өз өнөрлөрүн тартуулашаты. Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Э.М.Муратбекова катышып, университеттин жамааты жана студенттери дайыма шаардык, областтык, республикалык дегээлдеги иштерге активдүү катышып келишет, жигердүү эмгек жасап келечектеги адистерди даярдап келесиздер. Университеттин ар тараптуу өнүгүп жатканын көрүп кубануудабыз. Ар дайым ишиңиздерди ийгилик коштосун - деген каалооолорун айтты.   

Фестивалдын уюштуруучулары жана жумушчу тобу (МТБ, МЭБ, ЖК, ФФ, МФ, КИ) жобосунун негизинде мыкты номер даярдап келген жана аткарган катышуучулар жана командалар университеттин дипломдору жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле университеттин кесиптик бирлик комитети да материалдык жардам көрсөтүп, мыкты номерди жакшы даярдыкта алып келген активдүү катышуучуларга белектерин беришти.   

  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ
  • “ЭНЕ ТИЛИМ - МУРАСЫМ” ФЕСТИВАЛЫ