AVN







САБАК – САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ

САБАК – САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ
 Mar 22, 2018  1603

ЖАМУнун Филология факультетинин кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Гүлбарчын  Каленбекова  20-мартта  Медицина факультетинин “Дарылоо иши - 2-17  тайпасына “21-март - Нооруз майрамы” аталышында сабак-саякат өткөрдү.. Мындай кабарды кафедранын башчысы Гүлжан Бакирова билдирди.

Анын айтымында, бул күнү Табигый Технологиялар факультетинде “Нооруз” майрамына карата сүмөлөк бышырылып, улуттук сый тамактар даярдалып коноктор чакырылган. Жогорудагы адистикте чет олкөлүк студенттер билим алгандыктан, аларды улуттук каада-салттар, тамак-аштар менен жакындан тааныштырып, түшүнүк берүү максатында студенттер аталган факультетте болушкан.   

Ал кошумчалагандай сабак учурунда окутуучу Г. Каленбекова  студенттерге кыргыз элинин салттары, кол өнөрчүлүгү, улуттук тамактары менен тааныштырып, алар менен кызыктуу аңгемелешүү уюштурду. Сабактын аягында студенттер бир катар улуттук оюндар менен таанышып, “Жоолук таштамай” ойношкон. Сабак-саякатка жалпы   12 студент катышкан. Ошондой эле буга чейин Г. Каленбекова аталган факультеттин “Дарылоо иши” – 1 -17 тайпасына  кыргыз тили сабагынан “Сын атооч” деген темада ачык саат өткөргөн.

  • САБАК – САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ
  • САБАК – САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ
  • САБАК – САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ