AVN







УЛУТ УҢГУСУ - ЭНЕ ТИЛ

УЛУТ УҢГУСУ - ЭНЕ ТИЛ
 Feb 20, 2023  197

21--февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинде "Улут уңгусу - эне тил" деген темада иш-чара өткөрүлдү.

    Ага фармация адистигинин 1-курсунун студенттери катышып, дүйнө жүзүндөгү түрдүү улуттардын каада-салты, маданияты менен тааныштырышты. Ошондой эле ыр-бий менен коштолуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

    Иш-чараны окутуучулар А.Алимова жана Ж.Осорова уюштурган.

    Иш-чаранын максаты - жаш муундарды өз эне тилиндей башка тилдерди урматтоо, улуттар арасында ынтымакты бекемдөө.

  • УЛУТ УҢГУСУ - ЭНЕ ТИЛ