AVN







ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ

ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
 Feb 17, 2023  310

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика - юридикалык колледжинин экономика ПЦКсында 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата “Эне тилди барктайлы” темасында БЭК-2-22 тайпасында,  Т.Ташбекова менен биргеликте  куратордук саат  өткөрүлдү.

Бул куратордук саатта Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улут эне тилин аздектеп сактап, урпактарга өткөрүп берүү менен бирге, мамлекеттик тилге болгон бийик урматтоосун даңазалоо болду.Тилдин баалулугун даңазалаган ырлар, макалдар жана накыл кептер айтылды. Студенттер тарабынан  Умай эненин “Бешик ыры” жаңырып, слайддар, сүрөттөр, плакаттар  жана учкул сөздөр айтылды. Ачык сааттын жүрүшүндө китептер көрсөтүлүп студенттерди эли-жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого чакырды.

Студенттер өз эне тилин сүйүүгө, тилди барктай билүүгө өз салымын кошоорун айтып өтүштү.  Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдоо менен жыйынтыкталды.

  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ