AVN







ЭЛЕКТРОНДУК АДРЕСТЕРГЕ КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК?

ЭЛЕКТРОНДУК АДРЕСТЕРГЕ КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК?
 Feb 17, 2023  279

Бүгүн, 17-февраль күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунун кичи залында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган: “Жогорку окуу жайлардан жана илимий институттардан “edy.kg”, “kg” аталыштагы академиялык адрес колдонууга өтүү, ошондой эле WoS, Scopus базаларына жана Гугл академия платформасына каттоо боюнча жараянын” ишке ашыруу максатында семинар болуп өттү.

Семинарга декандардын илимий иш боюнча орун басарлары, кафедра башчылар жана лаборанттар катышышып, жогоруда аталган электрондук адрестерге кантип катталуу процессин үйрөнүштү. ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар   боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доц.м.а. Ж.С.Куваков, экономика илимдеринин доктору, доцент, экономикалык-юридикалык колледжинин директору А.Б.Карбекова, илим бөлүмүнүн улуу инспектору Г.А.Абдразаковалар каттоонун жолдорун практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

  • ЭЛЕКТРОНДУК АДРЕСТЕРГЕ КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК?