AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА СТУДЕНТТЕР МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА СТУДЕНТТЕР МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
 Feb 17, 2023  223

Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу адистигиндеги бүтүрүүчү курстун студенттерин мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.  Иш -чарада студенттер мамлекеттик практиканын максат жана милдеттери, жол эрежелери менен тааныштырылды. Ошондой эле жол карта менен иштөө кызуу талкууланып, практика учурунда аткарылуучу иштер белгиленди.

Ушундай эле конференция мектепке чейинки билим берүү  адистигинин студенттерин мамлекеттик практикага жөнөтүү боюнча уюштурулду.    Конференцияда практиканын максаты  айтылып, максатка жетүү үчүн  аткарылуучу  иштер такталды. Практиканын максаты: адистер профессионалдык деңгээлде даярдалат. Практиканттарда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын  окуу-тарбия  ишмердүүлүктөрү  жөнүндө кесиптик билимдердин системасын калыптандырат.Практиканттарды  окуу-тарбия иштери боюнча тарбиячынын  милдеттерин аткарууга балдар менен түрдүү   иш аракеттерди жасайт.

        Конференцияга Жалал-Абад колледжинин директору п.и.к доцент Б.М. Турдубаева,  өндүрүштук окуу иштери боюнча директордун орун басары  У.Т.Кайкыева, практика жетекчилер  А.К. Кыргызбаева , Анарбай кызы Айтбү,  Н.Д.  Дурусбекова катышышты.