AVN







ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ

ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ
 Feb 17, 2023  441

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эне тили күнүнө карата "Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт" аталышындагы темада тарбиялык саат өтүлдү. Бул тууралуу аталган кафедрадан билдиришти.

Тарых адистигинде окуган Т-1-22 тайпасынын студенттерине тайпанын  куратору Ш.Б.Атабекова ачык сабак өттү. Ачык сабакта заманбап материалдар менен мазмундуу баяндама жасап, студенттер активдүү катышышты – дейт кафедра башчысы.

Жаш муунга өз эне тилин сүйүүгө, аны барктап кийинки муунга калтыруу ар бирибиздин милдетибиз. Учурда жаштар көп тилдүүлүккө басым жасап, чет тилдерди үйрөнүшүүдө. Бирок, өз эне тилибизди да унутта калтырбай сүйлөп, өнүктүрүү заман талабы – дейт Ш.Б.Атабекова.
 

  • ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ
  • ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ
  • ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ