AVN







ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА –ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА –ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
 Feb 17, 2023  277

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин жана экономикалык-юридикалык колледждин жаш профессордук-окутуучулар курамы менен М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович менен жолугушуу өткөрүлдү.

Учурда профессор Абдиев Мурат Журатович экономика багытында 15тен ашык окуу китептердин автору жана китептери окуу курал катары Кыргызстанда жайгашкан окуу жайларда колдонулуп келет.

Иш чарада жаш аспиранттар, докторанттар менен илимий макала жазуу, окуу куралдарды даярдоо боюнча пикир алмашуу болду. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук Аттестациялык Комиссиясынын кандидаттык, доктордук диссертациялар боюнча жоболорго өзгөртүүлөр боюнча  талкуу жүрдү.

Жыйынтыгында М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети менен тыгыз кызматташуу боюнча иш алып баруу каралып, факультеттин  жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирилди. Бул тууралуу экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.

  • ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА –ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
  • ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА –ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
  • ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА –ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
  • ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА –ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ