AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
 Feb 17, 2023  296

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультеттинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында 2023-жылдын 16-февраль күнү ата-энелер чогулушу болуп өттү.Бул тууралуу аталган кафедрадан билдиришти.

Ата-энелер чогулушуна аталган кафедранын башчысы ЖАМУнун доценти Ч.А.Асылбекова, факультеттин тарбиялык иштери боюнча декандын орун басары Ч.К. Абдыкалыкова жана кафедранын жалпы жамааты катышышты. Жыйындын ачылышында кафедра башчысы Ч.А. Асылбекова келген ата-энелерге кафедранын жамааты, тарыхы, жөнүндө маалымат берди. Андан соң окуп жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктери, коомдук-тарбиялык иштерге активдүү катышкандыгы, кафедранын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан студенттер жөнүндө да кеңири маалымат берди.

Жыйын ата-энелердин суроо-жооп, сунуш-пикирлери менен коштолуп, ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Студенттердин Германия өлкөсүнө барып, билим алышкандыгы, учурдагы ийгилик, жетишкендиктери жөнүндө видео көрүнүштү да жогорку деңгээлде баалашып, сыймыктануу менен көрүштү. Жыйындын соңунда үлгүлүү деп эсептелген, окуудагы жетишкендиктери, артыкчылыктары бааланган студенттердин ата-энелерине ыраазычылыктар билдирилип, сыйлоо барактары менен сыйланышты.   

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ