AVN







ПРАКТИКАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ

ПРАКТИКАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
 Feb 17, 2023  208

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тарых адистигинин  Т-1-20 тайпасынын студенттери  кесиптик-базалык практиканы өтөшүүдө. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Гулнара Анарбаева билдирди.

Практиканын алкагында 16-февралда Тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент   Анарбаева Гулнара Абдуманоповна шаардагы   Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектептин  тарыхчы мугалими     Аскаралиева Жаңылай Аскаралиевна жана практиканттар Т-1-20 тайпасынын студенттери Долимжанов Дилшод, Токтобаева Жыпаргүл жана   Орозбекова Айнуранын 6-А класста Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча  өткөргөн ачык сабагына катышышткан. 

Кафедра башчысы Г. Анарбаеванын айтымында  ачык сабак учурунда биздин студенттерге балдар менен иштөө боюнча, сабакты жеткилтктүү өтүү боюнча кеп кеңештерин беришкен. Сабак заманбап материалдар менен жабдылып максатына жетти. Орозбекова Айнуранын аракети күч, келечекте мыкты адис болот деген үмүттөбүз – дейт ал.

  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ