AVN







МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАШТАР МЕНЕН ЖООЛУГУШТУ

МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАШТАР МЕНЕН ЖООЛУГУШТУ
 Feb 16, 2023  227

2023-жылдын 10-февралында маданият министринин  орун басары Марат Тагаев жогорку окуу жайлардын Жаштар комитеттеринин, кеңештеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууга Б.Осмонов атындагы ЖАМУда Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов онлайн форматта катышты.

Жолугушуунун максаты ЖОЖдордогу жаштар комитеттеринин иши менен таанышуу жана көйгөйлөрүн угуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Адилет Усенов жаштар саясаты жана анын келечеги жөнүндө токтолуп, университеттин жаштары менен жүрүп жаткан иштерди баса белгиледи.

Министрдин орун басары жаш лидерлердин сунуштарын угуп, республикадагы бардык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жаштар комитеттеринин статусу жана ишмердүүлүгү жөнүндө бирдиктүү жобо керек экенин белгилеп, жогорку окуу жайларынын лидерлерин мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө активдүү болууга чакырды.

  • МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАШТАР МЕНЕН ЖООЛУГУШТУ
  • МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАШТАР МЕНЕН ЖООЛУГУШТУ