AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА АТТАНЫШТЫ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА АТТАНЫШТЫ
 Feb 16, 2023  218

Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын кезектеги практикалык конференциясы болуп өттү.

Анда белгиленгендей графикке ылайык П-1-19,МЧББ-1-19 тайпаларынын жыйынтыктоочу, башкача айтканда кесиптик-профилдик практикасына жөнөтүү жыйыны болду. Кафедранын практика боюнча жетекчиси, окутуучу Н. Мокуеванын билдиришинче конференция абдан ийгиликтүү өттү. Анда конференцияны ачкан Н. Мокуева бул практиканын өзгөчөлүгүн айтып, студенттерге ийгилик каалады. Ал эми кафедранын доценттери п.и.к. Р. Нусупова, К. Ураимов жана улук окутуучулар А. Төрөбекова, А. Шишкараева,  С. Осмоналиева, Г. Темирбаевалар практика учурунда аткарыла турган  иштердин жүрүшү, өзгөчөлүгү, студент-практиканттын милдеттери, укуктары, изилдөө иштеринин мааниси  жөнүндө  айтып кетишти.  Жыйынтыгында кафедра башчысы, профессор С. Сакиева сөз сүйлөп, ал студенттерге ийгилик каалоо менен кайсыл мектеп жана балдар бакчаларында практика өтөй тугандыгын жана аларга кайсы методисттер жетекчилик кыларын тааныштырып кетти. Практикага аттанган студенттерге ак жол каалашты.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА АТТАНЫШТЫ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА АТТАНЫШТЫ