AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
 Feb 16, 2023  202

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин дене тарбия багытында окуган ДТк-2-22 тайпасынын студенттеринин ата-энелер чогулушу болду. Ага 20 дан ашык ата-эне катышты жана ошондой эле дене тарбия жана спорт кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы катышып,  ата-энелер менен биргеликте окуу, тарбия, жана жүрүм туруму боюнча эркин ой пикирлер алмашылды.

Ошондой эле окуу жайыбыздын ички талаптарын жана шарттарын милдеттүү аткаруу жагы кайрадан ата-энелер менен биргеликте түшүндүрүлдү. Жыйынтыгында профессордук-окутуучулар курамы тарабынан белгиленген жетишкендиктер жана кемчилдиктерди угуп, биргеликте иштөөнү сунушташты. Дене тарбия спорт кафедрасынын жамааты бул иш чараны башка тайпаларга жайылтууну ылайык деп табышты б.а, кийинки тайпаларда дагы ата-энелер жолугушуусун дайыма улантууга көмөктөшөөрү айтылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ