AVN







КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ

КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ
 Feb 16, 2023  255

Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы түштүк региондо жайгашкан жогорку окуу жайлар менен дайыма тажрыйба алмашып келишет. 2023-жылдын 14-15-февралында М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович жана практик-бухгалтер Эргешов Кутпидин Апсатарович тарабынан экономика багытындагы студенттерге конок лекциялар уюштурулду. Конок лекцияда теория менен практиканын байланышына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык технологияларды колдонуу боюнча иштер алып барылды.

  • Конок лекция экономика багытынын: «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит», финансы жана кредит профилиндеги билим алып жаткан 3-курстун студенттерине бухгалтердик эсеп сабагынан өтүлдү. Лекторлор студенттер үчүн учурдагы ишканалардын бюджети боюнча, эсеби, формасы, мааниси боюнча кеңири маалымат берди. Лекцияда суроо-жооптор талкууланып, конок лекциянын жүрүшү студенттер үчүн кызыктуу болду.

Конок лекцияда лекторлор менен  кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жана кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович пикир алмашышып, жыйынтыгында лекторлорго ийгилик каалоо менен сертификаттар тапшырылды.

  • КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ