AVN







ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ

ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
 Feb 16, 2023  499

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилдерин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин эл аралык күнүнө карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-21 тайпасынын куратору Нышанбай кызы Байыма “Эне тилди барктайлы” аттуу ачык тарбиялык саат өттү.

Тарбиялык сааттын негизги максаты республикада жашап жаткан ар бир улут эне тилин аздектеп сактап, урпактарга өткөрүп берүү менен бирге, мамлекеттик тилге болгон бийик урматтоосун даңазалоо болуп эсептелди.  Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен башталып, эне тил күнүнүн белгиленип калыш тарыхы жөнүндө слайд көрсөтүлдү жана студенттерди  эли - жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого чакырды.

Студенттер тарабынан эне тилди даңазалаган  ырлар көркөм окулуп,  эне тил тууралуу  накыл кептер, макалдар, учкул сөздөр айтылды. Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер элдик ырлардан ырдашып,  кыргыз бийи аткарылды деп кафедранын тарбиялык иштер боюнча жооптуусу А.Б.Мамбеталиева билдирди.

  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ
  • ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ