ЖАМУДА ООГАН СОГУШУНА КАТЫШКАН АРДАГЕРЛЕР СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУШТУ
Feb 16, 2023 352
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин чоң жыйындар залында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди.
Окуу жайда Ооган согушуна катышкан 6 кызматкер мгектенет. Алар, К.Ж.Усенов – ЖАМУнун ректору, Р.С. Джоробаев – экономикалык-юридикалык колледжинин окутуучусу, Ш.Ш. Нурдинов – МФнын окутуучусу, М.Мамытов – экономикалык-юридикалык факультетинин окутуучусу, А.Шерматов – экономикалык-юридикалык факультетинин окутуучусу, Р.Сарымсаков – кенже көмөкчү кызматкер.
Салтанатка окуу жайдын жетекчилиги жалпы жамааты менен, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Куттуктоо сөздөр айтылып, маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери тарабынан майрамдык концерт тартууланды.
Мурдагы Совет мамлекетинин Ооганстандан өз аскерлерин чыгарганына үстүбүздөгү жылдын 15-февралында 34 жылдын жүзү болду. Кыргызстандан Ооган согушуна 7 миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 252 адам каза тапкан жана 1500гө жакын кыргыз аскерлери жаракат алышкан, 600гө жакын жоокер майып болуп мекенге кайткан. Кыргызстандан эрдиги жана каармандыгы үчүн 2 жоокер “Советтер Союзунун Баатыры” деген наамга ээ болушкан.