AVN







“ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”

“ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
 Feb 15, 2023  331

Университеттин кичи жыйындар залында 2023-жылдын 14-февраль күнү 21-февраль – бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тилдин тагдыры – элдин тагдыры” аталышындагы кереге кеңеш өттү.

Үч бөлүктөн турган жыйынды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д. Доранова ачып, университеттин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усеновдун “21-февраль – бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” менен куттуктоосун катышуучуларга жеткирди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Э.М.Муратбекова,  Кыргызстан калкы ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн   башчысы, белгилүү коомдук ишмер К.А.Тилекеевдер куттуктоолорун айтышты.

Кереге кеңештин экинчи бөлүгүндө университеттин окумуштуулары жана коомдук ишмерлер тарабынан төмөндөгү баяндамалар окулуп, кызыктуу талкуулар, суроо жооптор менен коштолду:

  1. “Манас” эпосунун тили - И.А. Абдувалиев ф.и.д., ЖАМУнун профессору;
  2. Дүйнөлүк эне тилдин башка тилдерге тийгизген таасири - К.Б. Калчекеев ф.и.д., ЖАМУнун профессору;
  3. “Манас” эпосундагы көп тилдүүлүк жазма маселелери - А.М. Эшиев ф.и.д., ЖАМУнун профессору;
  4. Дүйнө элдери жана тилдери - Г.К. Бакирова фил.и.к., доцент;
  5. “Эне тил – элдин уюткусу” - Ильязбек Турдубай уулу – ЖТРдин башкы редактору.   тарабынан илимий баяндамалар окулуп,

Кереге кеңешке келген диаспоралардын өкүлдөрү: “Идель” татар-башкыр улуттук бирикменин башчысы Алимжанова Эльмира Валиевна, “Славяндар диаспорасы” коомдук бирикмесинин башчысы Молюженко Виктор Викторович, “Өзбек” коомдук бирикмесинин башчысы Ахмадалиев Латипжан Талибжанович, “Астүрк” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Шахзадиев Нияз, “Көк түрк” коомдук бирикмесинин башчысы Эшмуратова Гулнара, “Тажик” коомдук бирикмесинин башчысы Мамарасулов Бахрам ж.б. катышып өздөрүнүн элдик тили, маданияты жөнүндө айтып беришти жана университеттин жамаатына, жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Иш-чарага университеттин Э.Уметов атындагы ПФнын деканы Р.К.Шамшиев, ФФнын деканы А.А.Калмурзаева, МКнын директору А.Д.Эгембердиева, ЭЮФтун деканынын орун басары Н.Абдыманап к. жана ушул факультет, колледждердин студенттери катышышты.

  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”
  • “ЭНЕ ТИЛДИН ТАГДЫРЫ – ЭЛДИН ТАГДЫРЫ”