ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 17-мартта Педагогика бөлүмү сүмөлөк кайнатып, Нооруз майрамын өткөрүштү. Майрамга ата-энелер, иш берүүчүлөр, ректорат кононокко чакырылып, студенттердин жана окутуучулардын спорттук мелдештерине, жолугушуу иш-чараларына, концерттик программаларына күбө болушту. Мындай маалыматты Педагогика бөлүмүнүн башчысы Кенже Салибаева кабарлады.
Майрамдын жүрүшүндө ректор жана ал жетектеген жамаат ата-энелер, иш берүүчүлөр колледжге каалоо тилектерин билдиришти.
Майрамдык иш-чарада концерттик программа жана “Кел Ноорузум” аталышында оюн-зоок уюшулуп, тушоо кесүү, кыз-узатуу салтттары көрсөтүлдү жана кыргыз улуттук оюндар
аркан тартыш, жоолук таштамай, тогуз коргоол ойнотулду.